Мамлекет дүйнөгө белгилүү нерселери менен  таанылат. Алардын бири тарыхый эстеликтери, курушлуштары болуп саналат. 18-апрель тарыхый мурастарды жана эстеликтерди эл аралык коргоо күнү. Saat.kg Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан тарыхый мурастарды cунуштайт. 

Бурана мунарасы

Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 15 км түштүк-батышта жайгашкан.  Мунара аймактагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде Х кылымдын аягы–ХI кылымдын башында курулган.

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон. Ал эми ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Түбүнүн диаметри 9 метр, төбөсүнүкү 6 метрге жакын, бийиктиги болсо 24 метр.

Бурана

Бурананын айланасында курулуштун калдыктары чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Карахандар мамлекетинин борбору Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт.  Шаарда бир нече имраттар болгон, баары бузулуп, бүгүн мунара гана сакталып калган. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген жана айланасына балбал таштарды өлкөнүн ар кайсы аймагынан чогултуп келип жайгаштырышкан. Ошондой эле 1,5 метр бийиктиктеги байыркы бышык кыштан курулган күмбөз табылган. Бүгүнкү күндөгү туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.

Өзгөн архитектуралык комплекси 

Бир мунара үч мавзолейден турат. Өзгөн шаарында бийигирээк тектирчеден орун алган. Бул архитектуралык комплекс ХI-ХII кылымда Карахандар доорунда курулган.

Өзгөн архитектуралык комплекси

1920-жылы реставрацияланган. Ички дубалдардын узундугу 8,5-8,54 метр, тышкы бөлүгү 11,44-11,28 метр. Мавзолейдин бийиктиги 13 метрге жетет жана мавзолейде үч эшик орун алган. Бирок бир дубалда эшиктин орду гана бар. Ар бир эшик жебе түрүндөгү арка менен аяктайт. Анын куполу жана дубалдары чопо менен шыбалып, өтө кооз орнаменттер менен кооздолгон.  Ошондой эле дубалдарынын кээ бир жерлеринде диний мазмундагы тексттер кездешет. Кыргызстанга келген туристтерди кызыктырып, өзүнө тартып турат.

Шах-Фазил кумбөзү

Кыргызстандын аймагындагы XI-XIV кылымдарга таандык архитектура эстелиги. Ала-Бука районундагы Гүлстан кыштагында жайгашкан. Күмбөз төрт чарчы формада, бышкан кыштан тургузулган. Дубалынын калыңдыгы 163-167 см бийиктиги 15,37 метр күмбөздүн түндүк жагында үч эшиги, батыш жагында кичирээк бир эшиги бар. Ошол эле учурда терезеси жок. Ичи оймо-чиймелер менен кооздолгон. Шыбында фарсыча жана арабча сөздөр жазылган. Ал жерге Карахандар мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Түндүк жагында короосу бар, батыш жагы анча бийик эмес дубал менен курчалган. Тегерегинде орто кылымдарга таандык арабча, фарсыча жазуусу бар бейиттер сакталган. Шах-Фазиль азыркы Кыргызстандын чоң шаарларынан алыстыгына карабай чет элдиктерди өзүнө тартып турат.

Шах-Фазиль

Шырдакбектин чеби

Х-ХV кылымдарга таандык сепил. Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын кыштагынын түндүгүндө, Алабуга суусунун жээгинен орун алган. Чеп чарчы түрдө салынып, түштүк тараптагы дубалынын узундугу 117 метр.

Шырдакбектин чеби

Кошой-Коргон

Ат-Башы өрөөнүнүн борборунан орун алган. Жер шартына жараша стратегиялык ыктуу жайгашып, байыркы учурда ушул жер менен өткөн соода жолун жана бүткүл өрөөндү тескеп турган.

Кошой-Коргон

Шаар 245-250 метр, төрт бурчтук форманы ээлеп турат. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 4-8 метр. Алардын периметри боюнча 60 сепил байкалып турат,  алар чоң-чоң толурак блоктордон жана узун кыштан салынган. Дубалдын түп жагынан калыңдыгы 7-9 метр, улам жогору жагы ичкерип, 8 метрге жетет. Коргонуу курулуштарынын монументалдуулугу согуш коркунучу болгон кезде шаардын элин ишенимдүү калкалап турган. Шаар түрктөр доорунда салынып, XVI кылымга чейин өкүм сүргөн. Анын жанына музей курулуп, табылган буюмдар сакталып турат.

Таш-Рабат кербен сарайы

Нарын облусунун Ат-Башы районунан 78 чакырым батышта, Каракоюн капчыгайындагы суунун боюнда орун алган.

Таш-Рабат
Негизинен Таш-Рабат кербен сарайы 31 бөлмөдөн турат. Сарайдын ичине киргенде аңгыраган залынын диаметри 9,32 метрди, ал эми туурасы 8,5 метрди түзөт. Сарайдын дубалы ар кандай таштардан жонулуп, ылайга отургузулуп курулган. Таштардын көлөмү жерпайдан жогору карай майдаланып жүрүп отурат. Босогону аттагандан кийин 3 кароол бөлмөгө өтөсүң. Алар дубалдын чыгыш тарабынан орун алып, мунаралар менен бекемделген. Сарайдын ичинде ашканадан тартып атканага чейин бар. Окмуштуулар сарайды XV-XVI кылымдарда курулушу мүмкүн деп эсептешет. Көлгө, Нарынга бара жатканда велосипед менен бара жаткан чет элдик туристердин баары Таш-Рабатка чейин барышат.

Манас күмбөзү

Орто кылымга таандык архитектуралык эстелик. Талас районундагы Кеңкөл өрөөнүндө жайгашкан.  Күмбөз эл ичинде жана илимий адабияттарда «Манастын күмбөзү» деген ат менен белгилүү. Чындыгында Кянизяк-хатундун (чагатай эмири Абуханын кызы) күмбөзү.

Манас-ОрдоКүмбөз бышкан кыштан салынган. Пирамида түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатыры бар. Оймо-чийме  менен кооздолгон. ХХ кылымда бузулган абалга жеткен, 1969-жылы реставрацияланган. Бирок бүгүн анын айланасына көптөгөн курулуштар жүргөн. Ал Манас-Ордо архитектуралык-комплекс деп аталат. Анда «Аккула» ат майданы», «Манас эпосу фольклордук-этнографиялык музейи», «Кароол дөбө» — ачык асман алдындагы тарыхый эстелик,  «Түлөөкана»,  «Алчыкен уулу Ажыбек датка Ордо борбору», «Айкөл Манас» архитектуралык-скульптуралык ансамбли «Манас Ата» гүлзар багы, «Хан Өргөө»,  40 боз үй тигүүгө ылайыкталган «Манас айылы», «Кырк Чоро» көпүрөсү, ”Манас таануу” борбору. Административдик имарат, «Башкы Арка» — комплекстин босогосу Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып турат.

Сулайман тоо

Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган.  Узундугу – 1140, туурасы – 560 метр. Шаарга салыштырмалуу бийиктиги 300-350 метр. Тоодо бир нече чокулар: Баара-Таг же Сулайман тоо, Шор-Таг, Рушан-Таг, Ээр-Таг,  Кекилик-Учар бар. Ошондой эле үңкүрлөрү да бар.  Биринчи чокунун түндүк жагындагы бирөөсү барууга мүмкүн эмес жерде. Экинчиси – Чакатамар. «Чакатамар» сөзү “тамчы” дегенди билдирет. Бул үңкүр барган адам үчүн таңкалычтуу, сүрдүү. Тепе-Үңкүр, Чилтен-Хан үңкүрү тийиштүү. Мунун 3 оозу бар,  Ишен-Үңкүр, Руша-Үңкүрү, Хуркыз жана башка үңкүрлөр бар.
Ошондой эле бир нече сыйынуучу жайлар ыйык жайлар бар: Бел таштан, Кол таш , Бешик энеге , Хуркызга , Кырк чилтен.  Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт.

Сулайман-Тоо

Тоодогу Бабурдун үйү
Бул жай ХVI кылымга таандык архитектуралык эстелик.  Улуу Моголдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана ойчул Бабур Захиреддин Мухаммеддин үйүн эл Сулайман тоо мечити деп да аташат. Бубур айтылуу Амир Темирдин урпагы болгон жана 1483-1530-жылдары жашаган. 11 жашында атасынын ордуна Фергананын ханы болуп дайындалган, ошол кезде бул үйдү салдырган. Тоодогу таштарда байыркы көптөгөн петроглифтер табылган.

Бабурдун үйү

Сулайман тоосунда жогорудагылардан тышкары XVI кылымга таандык Рават-Абдулла хандын мечити жана XVIII кылымга таандык Асаф-ибн-Бурхиянын күмбөзү жайгашкан. Күмбөздүн кире бериши өтө кооз оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ошондой эле тоонун түбүндө «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый — археологиялык музей комплекси жана Ош өрүшү илимий музейи бар. Мындай кооздуктар жылына 100 миңдеген туристерди өзүнө тартып турат.

Чолпон-Ата петроглифтери

Шаардын четинде жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштардын эң ири топтору. Ал  42 гектар жерди ээлейт. Тоо-таштардагы сүрөттөр — бул эң байыркы, дүйнөлүк маданияттын башкы этаптарынын бири. Ташка чегилген сүрөттөрдө же болбосо петроглифтерде адамдардын, жаныбарлардын сүрөттөрү жана ар кандай белгилер аркылуу адам баласы өзүнүн дүйнө жөнүндөгү идеяларын өмүр, өлүм проблемаларын, ар кандай кубулуштардын бирдиктүүлүгүн чагылдырган. Кээ бир петроглифтердин өлчөмү 1 метрден жогору болгондуктан мындайлар дүйнө жүзүндө сейрек учурайт.

Чолпон-Ата петроглифтериЧолпон-Ата шаарындагы саймалуу таштар Кыргызстандын гана тарыхы жана маданияты боюнча маанилүү булак болбостон, бүткүл дүйнөлүк мурас болуп эсептелинет. Саймалуу таштар Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Өрнөк,Чок-Тал айылдарында да кездешет. Ысык-Көлгө келген туристер бул жөнүндө кабардар болсо, сөзсүз бул жерге барып кетет.

Саймалуу таш

Фергана тоо кыркаларынын эң бийик чокуларында биздин заманга чейинки II-I миңинчи жылдар аралыгында аскадагы таштарга чегилген сүрөттөр, чиймелер, жазуулар. Болжолу 10 гектардай аянтта мында сызуу-чийүүлөр ачык асман алдында жатат. Жетүүгө абдан кыйын, тоо башында болгондуктан бул жерди кыргызстандыктардын да көбү көргөн эмес. Бирок ошого карабастан бул жөнүндө уккан чет элдиктер, туристер, окмуштуулар көп барышат.

саймалуу таш

Дүйнөлүк маданий жана тарыхый мурсатарды  БУУнун алдындагы ЮНЕСКО инсититу коргоого алып келет. Ага Кыргызстандын аймагынан табылган тарыхый жайлар кирген. Аталган уюмга кирген тарыхый мурастар дүйнөгө бүт Кыргызстанды таанытып келет. Учурда  ачылып жаткан дагы бир нече тарыхый жайлар бар, алар азыр археологиялык казуулардын үстүндө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү