15-февраль. COVID-19 илдетинин жаңы 41 учуру катталды

Автор -

Кыргызстанда 15-февралга карата COVID-19 илдетинин жаңы 41 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда сутка ичинде коронавирус жана вирустук пневмония өлкөнүн 2 шаары жана 2 облусунан гана аныкталган. Алар: Бишкек — 15, Ош шаарында — 3,
Чүй облусу – 18 жана Нарын облусу -5. Калган Ош, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан оору жуктургандар катталган эмес.

Ушуну менен 2020-жылдын мартынан тарта бул ооруну 85 миң 516 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 82 306 адам айыкты. 1442 адам каза тапты. 

Бөлүшүү