Электр станциясынын кубаттуулугу 950 мегаватты түзөт. Долбоор боюнча, ГЭС Көкөмерен дарыясында Кызыл-Ой айылынан Сары-Камыш айылына чейин курулат. ГЭСти 2-3 жылда куруп, энергияны инвесторлор кайра эле Кытайга жана Пакистанга экспорттоону көздөп жатат.

Жаңы электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков (КСДП) жүргүзүүдө. Бул боюнча фракция өзү билдирди.

“Кытай инвесторлору курууга даяр экенин айтышты. Аны 5 жылда актап, биздин өлкөбүзгө өткөрүп беришмекчи. Ошентип, 8 жылдан бизде эң чоң гидроэлектрстанциясы пайда болот. Бул абдан ыңгайлуу шарт деп эсептейм”, — дейт депутат.

Кулбараковдун айтымында, долбоорду изилдөө үчүн өкмөткө жөнөтүлөт. Ал кошумчалагандай, тынымсыз иштөөгө шарт түзүлсө, инвесторлор башка ГЭСтерди курууга 4 млрд долларга чейин салууга даяр.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү