Аларды текшерүүнүн анализинде кандары жана дерматититтери бузулганы байкалган, айрым окуучуларда  лимфом жана лейкоз табылган.

Чыгыш Кытайдагы Чанчжоу шаарындагы (Цзянсу провинциясында) бир мектепте окуучулар бир окуу имаратынан экинчи имаратка которулганда массалык түрдө дарыгерлерге уулангандыгын айтып кайрыла башташкан.

Мектеп мурдагы химиялык заводдун ордуна курулган. Бул райондон  адистер грунт сууларынын, абанын  жана топурактан уулуу заттардын бөлүкчөлөрүн табышкан. Кээ бир жерлерде уулуу заттар нормадан 75тен 95 миң эсе ашып кеткен.

Азырынча мектепте окуу улантылат. Бирок коркуп калган ата-энелер балдарына мектеп ашканасынан тамак ичүүгө тыюу салып, өздөрү тамак алып келмей болушту. Бийлик эмне үчүн мурдагы заводдун жанына курулуп калгандыгы жөнүндө тактоо иштерин жүргүзөт. Мыйзам боюнча эң аз 300 метр алыстыкта курулуш керек болсо, бул жердеги мектеп заводдун ордунан 100 метр ыраакта курулган.

Бул туурасында ТАСС агенттиги ССТVге (Борбордук Кытай телеберүүсү) шилтеме жасап жазып чыкты.