Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча агенттиктин кызматкерлери семинарга катышып, мамлекеттик тилди иш өндүрүү тармагында колдонуу боюнча сабак алышты. Тил билүү деңгээлин текшере турган «Кыргызтести» сынагына да даярдыктарды көрүштү.

Агенттиктин жооптуу кызматчысына «Кыргыз тили» деген аталыштагы атайын муниципалдык кызматта эмгектенген кызматкерлерге арналган окуу куралы берилди. Окуу усулдарынын арасында электрондук нускалардын да бар экенин мэрия билдирет. Арасында орусча-кыргызча сөздүк жана колдонмолор да камтылган.