Дохада (Катар) ОПЕК катышуучулары бир чечимге келе албай, Лондондогу ICE биржасында мунайдын баасы $40,16га чейин түшүп кетти. Бирок, Brent андан ары арзандаган жок. Таңкы 5:15ге бшк карата бир баррели 40,71 доллардан сатылып жатты.
ОПЕКке кирген өлкөлөр Дохада жолугуп, мунай казууну токтото турууну сүйлөшүүнү көздөп жатышкан. Бирок, Сауд Арабиясы эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Ирандын катышуусун талап калды. Иран болсо мунай казууну көбөйтөөрүн билдирген деп Tengrinews кабарлады.
Жыйынга жалпысынан 17 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Арасында ОПЕКке кирбеген Орусия, Азербайжан, Мексика, Казакстан жана Оман бар.