Мыйзам бузуучу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Чек ара кызматы кабарлагандай, окуя 17-апрелде “Манас-аэропорт” көзөмөл-өткөрмө пунктунда болду. “Бишкек-Стамбул” каттамы боюнча №347 рейске каттоо учурунда Кыргызстандын жараны жасалма паспортун көргөзгөн. Тийиштүү документтер түзүлүп, аял УКМКнын аймактын бөлүмүнө жеткирилди.