Чейрек финалдык оюнда Чоң Маскөө мамлекеттик циркинин курамасы (Маскөө), “Русская дорога” (Армавир), МФЮА курама командасы (Маскөө-Волгоград) жана “Азия MIX” беттешти. Экинчи орун менен Кыргызстандын командасы жарым финалга жолдомо алды.

https://www.youtube.com/watch?v=BdePbhpoHe8

Биринчи эле “Саламдашуу” конкурсунда “Азия MIX” 5,0 деген эң жогорку баа алды. Музыкалык биатлондо дагы эң мыкты чыгып, керектүү упайларды алды. Капитандар арасындагы конкурста жогорку балл алууга мекендештерибизге бир аз ийгилик жетпей калды.

Оюндун жыйынтыгы боюнча “Первый каналдын” башкы директору Константин Эрнст “Элдияр, сенде мыкты команда бар. Ал менен жеңүүгө баардык мүмкүнчүлүгүң бар” деди.