Бүгүнкү күндө армияда өзүнүн жанына кол салуу маселеси курч турат.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулованын айтымында,  аскердин ден соолугуна мамлекет жоопкерчиликтүү болуу зарыл.

“Ата-энелер балдарын өстүрүп, андан кийин мамлекетке кызмат өтөөгө жөнөтөт. Армияга кызмат өтөө – конституциялык милдет. Ошондуктан мамлекет аскердин ата-энесинин алдында жоопкерчиликтүү болушу керек. Алар армиядан тирүү келүүсү зарыл”, -дейт А. Абдирасулова.

Мындан тышкары, ал аскерлердин ден соолугун медициналык комиссия текшерип турушу абзел экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн аталган борбор куралдуу күчтөр боюнча иш-чара уюштурушту.