Кызыл-Туу айылында эшек союп жаткан жарандар кармалды.

Сүрөт: super.kg
Сүрөт: super.kg

Кербен ШИИБинин башчысынын орун басары Төлөгөн Сулаймановдун Saat.kgге билдирүүсү боюнча, алар ошол эле райондун Кара-Жыгач айылынын тургандары.

«Учурда кылмышка шектүү деп 2 жаран кармалып, иши сотко өткөрүлөт. Бирөөсү качып кетти. Издөөгө берип жатабыз»- деди Т. Сулайманов

Кара-Суу айылынын тургунунун айтуусунда, айылдын талааларында 5-6 күн мурда 24 эшектин сыйрылган териси табылган.

Эске салсак, буга чейин Saat.kg эшектердин санынын азайышы тууралуу жазып чыккан.