Алай районунун Октябрь жана Кайнама айылдарында кечээ катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Суу өтүү үчүн темир трубалардан коюлган көпүрөнү сел суулары бузуп, каттам токтогон.

20160418_090152
Сүрөт: ӨКМ

Октябрь айылында 17 үйдүн там аркаларын, 5 үйдүн сарайларын сел каптаган.

Кырсыктын айынан ПАД-Будалык жолунун 85-чакырымында жол убактылуу жабылды.

Сүрөт: Алай району
Сүрөт: ӨКМ

ӨКМнын маалыматы боюнча, учурда сел алып кеткен жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.