Бүгүн Муниципалдык территориалдык башкаруусунун көчө тазалагычтары менен «Тазалыктын» кызматкерлери шаарды ирээтке келтирүү ишине чыгышты.
Шаар башкармалыгы билдиргендей, «Тазалык» ишканасы бригадаларга бөлүнүп иш алып барууда. Ар күнү 47 бригада 10-15 кишиден бөлүнүп алып, көчөлөрдү шыпырып гана тим болбостон, жөө киши жүрө турган кичине жолдорду жууйт.
Андан сырткары, сугат арыктарын тазалап, көк шиберлерди кыркып, тегиздешет.
Шаарды көрктөндүрүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында бүгүн көчөгө Октябрь районунан 98, Биринчи май районунан 156, Свердлов районунан 122 жана Ленин районунан 145 кызматчы чыгып иштөөдө.