Кымыз жыттанган элеттиктер Бишкеке келгенде «местныйлардан» бир топ эле айырмаланышып турушат. Айылдыктардын көпчүлүгү тоо боорлорунда кой, эчки кайтарып, көк бөрү ойношот. Кечээ Saat.kg чыныгы шаардыктардын белгилерин жазып, кызуу талкуу болгон. Бүгүн болсо айылдыктардын белгилерин сунуштайбыз.

1Айылдыктар сыйчыл келишет

Кийин  коомдук унааларда кичи пейилдик менен орун бошотуп, өзүнөн бир аз эле улуу болсо да «сиз» деп кайрылышат.

2Бат тил табышат

Алар шаардыктарга салыштырмалуу эл менен бат тил табышып кетет.

3Айрылган кийимди жумуш кылып жатканда киет

Шаардыктар айрылган кийимди көчөгө чыкканда «мода» деп кийишсе, ал эми айылдыктар  айрылган кийимдерди кара жумуш менен алектенгенде киет.

4«Кожа куртке» кийген айылдык

Айылдыктын сөзсүз түрдө үстүндө «кожа курткеси» болот, аны кээде  30 градус ысыкта да кийип жүрө берет.

5Айылдык балдар кыздарга «Чоң кыз, таанышып албайлыбы», деп тийишет

Мындай сөздү айылдык балдар топтолуп туруп, жолдон өтүп бара жаткан кызга айтышат.

6«Площадка» келбейсиңби?

«Салам алейкум доске, «площадка» кел жолугалы», -деген сөздү айылдыктар колдонот.

7Бети кызыл кыз, эки күндөн кийин аппак кызга айланат

Тоодон келген кыздардын эки бети кызыл болот. Бирок эки күндөн кийин эле бетине «шпаклевка» чаптап аппак болуп алышат.

8Коомдук транспортто баратып терезени тиктейт

Борборго биринчи жолу келген болсо, кулагына эч качан кулакчын салбайт. Себеби дарегинен өтүп кеткенден коркуп, улам-улам терезени карайт.

9Көчөнүн атын билбей адашып кеткендер

Алар коомдук транспортко түшүп, бара турган жердин дарегин билбей адашып кетишет. Уялчаак келишет эмеспи, көчөнүн атын сурай албай, барчу жеринен өтүп, кайра жөө келишет.

10Элеттиктер меймандос келишет

Шаардыктар үйүнө бирөө келип калса эшикти жаап коюшат. Ал эми эл  айылдыктар болсо меймандос келишип, эшикти ачып коюшат.