Террорчу «Ислам мамлекети» тобунун карамагында турган Мосул шаарынын чыгыш тарабындагы 8 км алыстыктагы Бариме айылын Пешмерге күчтөрү жана Хашди мекенини күчтөрүнүн (Сунний улуттук күчтөрү) биргелешкен операциясынын натыйжасында бошотулуп алынган.

Ирактагы ИМ басып алган Мосул шаарын алуу үчүн алгач анын тегерегиндеги стратегиялык аймактарды көзөмөлгө алуу керек. Биргелешкен күчтөр  айылга кирип келгенде  «Ислам мамлекети» террордук тобу каршылык көргөзбөстөн айылды таштап, Мосулга карай качышкан.

Бул тууралуу Мосулдагы Наверан фронтунун Пешмерге командири маалымат тараткан.

Аталган күчтөр «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу басып алган калган аймактарды да алуу үчүн операцияларды улантат деп жазат gazetevatan.com маалымат агенттиги.

«АКШ 2016-жылдын аягына чейин Мосул шаарын террористердин колунан бошотуп алууну күтөт. Ошондой эле Ирактын «Ислам мамлекети»  экстремисттик тобу менен күрөшүү үчүн жардамын дагы көбөйтөт», —  деп Барак Обама CBS телекомпаниясына берген интервьюсунда билдирген.

«Ислам мамлекети»  террордук тобу Ирактын түндүгүн, анын ичинде Бариме айылын жана Мосул шаарын  эки жыл мурун жай айында басып алган эле. Мосул шаары террордук топтун негизги таянычтарынын бири. Эгер шаар жана анын айланасы Ирак өкмөтүнүн колуна өтсө анда «Ислам мамлекети» террордук тобу көзөмөлдөгөн аймактарынан айрылат.

Бөлүшүү