Учкучтар таймашы Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүп жатат. Ал аскер аба компонентинин өздүк курамынын учуу жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Куралдуу күчтөрдүн жаш учуу-көтөрүлүү курамы мыкты командир, мыкты учкуч-штурмалоочу жана Ми-8МТВ тик учагынын мыкты борт механиги деген наамдар үчүн ат салышты. Катышуучулар тик учакты эксплуатациялоо, учуу, жердеги буталарды атуучу каражаттарды колдонуу боюнча билгендерин жана тажрыйбаларын көрсөтүштү.

«Таймаштын жыйынтыгы 29-апрелде чыгып, жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.»- деп Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы билдирет.

Сүрөт: КР КК ГШга таандык

Бөлүшүү