Мэр Айтмамат Кадырбаев “Кыргыз-Кытай-Апшыр цемент” долбоорунун алкагында кытайлык инвесторлор менен жолугушту. Ага мэриясынын тийешелүү бөлүм башчылары жана Кытайдан келген бир нече цемент заводдорунун өкүлдөрү катышты.
Шаар башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташтык, анын ичинде соода-сатык байланыштар барган сайын өнүгүп бара жаткандыгын баса белгиледи.
“Кытайлык өнөктөштөр менен Ош шаарынын ишкерлеринин биргелешип иштеген кызматташтыгы өзүнүн жемишин берип жатат. Андыктан кыргыз-кытай биргелешкен долбоорунун ишине ийгиликтерди каалап, мэрия шаардын экономикасына салымын кошкон инвесторлорго ар тараптан колдоп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр”,- деди А. Кадырбаев.
Ал эми келген инвесторлор Кыргызстан менен кызматташып иштешүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
“Бийик толуу, абасы таза, кооз аймактарда бул долбоорлор ишке ашат деп ишенем”,- деди “Синема” акционердик коомунун президенти Пенг Жиенсин.
“Кыргыз-Кыта-Апшыр цемент” долбоору өткөн жылы кытайлык үч завод менен макулдашып, бир миң эки жүз тонналык цемент заводун куруу боюнча кол коюлган.