Алардын туугандары “Азия” кайрымдуулук фондунун юристи Бакыт Эгембердиевге кайрылышкан.

“Бүгүнкү күндө  Оруссиянын, Казакстандын, тагыраак айтканда ОМСК шаарынын биринчи түрмөсүндө жүзгө жакын адам Кыргызстанга кайтып баратып кармалгандар. Туугандарынын маалыматы боюнча, алар эки айдан бери жаман шартта олтурушат. Ошондой эле түрмөнүн администрациясы мындай кармоону аларды чыгаруу үчүн Кыргызстандын акчасы жок экенин айтып жатканын туугандары билдиришти”, -дейт Б. Эгембердиев.

Бакыт Эгембердиев алардын туугандары менен биргеликте Кыргызстандын президентине, премьер-министрине, парламентке ачык түрдө кат жөнөтө турганын кошумчалады.

Автор: Гүлнара Болотбекова

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү