Ысык-Көл биринчи бешилтиктин башын чапчыганы travel.ru сайтынын рейтингинде жарыяланган.

Тизме алдын-ала брондолгон мейманкана менен конок үйлөрдүн эсеби менен түзүлгөн. Ошондой эле рейтинге Казакстандагы Боровое көлү, Белорустагы Нарочь, Азердбайжандагы Каспий деңизи жана Армениядагы Севан кирген.
Бул сайттын маалыматына таянсак, 3 адамдан турган бир үй-бүлөгө КМШнын чегинде эс алуу 3,5 миң рублдын тегереги болот.
Эске салсак, былтыр Ысык-Көлгө 900 миң турист келген.