“Элдик парламент” коомдук бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбеков 28-апрелде акция өткөрүлө турганын маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, алар бир нече талаптын негизинде өткөрүшөт.
“Президенттин отчёту. 2010-жылдагы түштүктөгү июнь окуясына күнөөлүүлөр жазасын алуу боюнча Гаагадагы эл аралык сотко кайрылуу”, -дейт Б. Талгарбеков.
Ошондой эле ал оппозициянын жолуна түшүп, башаламандык жаратпай турганын билдирди.