Бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовду кызмат ордунан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Анын ордуна өкмөт башчынын буйругу менен Азамат Сулайманов дайындалды.

Эске салсак, Адамкул Жунусов бажы кызматында 2013-жылдын июль айынан бери иштеп келген. Ал эми Азамат Сулайманов болсо төраганын биринчи орун басары болуп эмгектенген.

Бөлүшүү