Бишкек шаардык сотто экс-башпрокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун иши боюнча териштирүүлөр уланды.

Сот коллегиясынын курамы Жаңыл Мамбеталынын башкаруусунда чечим чыгарды.

Жаңыл Мамбетаалынын айтымында, өкүм «Тазалыктын» мурунку жетекчиси Марат Кутановго карай гана өзгөргөн. Ага шарттуу түрдө 3 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратып, 37миң $ айып тагылган.

Бактыбек Абдыкапаров күнөлүү деп табылып, 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, анын ичинен 3 жыл сыноо мөөнөтү каралды.

Башпрокуратуранын экс-башкаруучусу Нуртризана Жетибаеваны да сот күнөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратылды.

Бактыбек Абдыкапаровдун классташы Турсунбек Мамбеталиев күнөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылды.

«Электр станцияларынын» экс-коммерциялык директору Кемел Иманов күнөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылса, Өмүрбек Турсубеков 5 жылга кесилди.

Нутризана Жетибаев, Турсунбек Мамбеталиев жана Кемел Имановдон «Электр станциянын» пайдасына 6 миллион 690 миң 246 сомго айыпка жыгуу каралган.

Эске сала кетсек, мурунку башкы прокурордун жолдошу ЖЭБге сапаптсыз көмүр алып келген деп айыпталган.

 

Бөлүшүү