АКШ Жакынкы Чыгыштагы эң ишенимдүү өнөктөшү Сауд Арабия менен соңку күндөрдө мамилеси сууп кеткенине карабай президент Барак Обама эртең Риядга барат.
Сауд Арабиясы АКШнын өзөктүк курал боюнча Иран менен жетишилген келишимине каршылык көргөзүп келсе, АКШ Риядды «Ислам мамлекети» экстремиттик тобу жана радикализм менен күрөшпөй жаткандыгын айыптап келет. Эки өлкө ортосундагы мамиленин бузулушу 2001-жылдагы 11-сентябрда орун алган Нью-Йорк шаарындагы 3 миң кишинин өлүмүнө себеп болгон жардыруудан башталган.
milliyet.com.tr маалымат каражатты жазып чыккандай, АКШ Сауд Арабиянын жетекчилери менен байларынын 11-сентябрдагы жардырууга байланышы бар 28 беттен турган сырдуу документти 14 жылдан кийин элге жарыялаганы турат.