Талапкерлер парламенттин жалпы жыйынында өз программалары менен тааныштырат.

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында парламенттин төрагасына “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерликтерин жактырды.

Белгилей кетсек, 13-апрелде ЖКнын экс-спикери Асылбек Жээнбеков кызматынан өз эрки менен кеткен. Себеби анын агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү