“Өнүгүү” фракциясынын лидери, ЖКга төрагалыкка талапкер Бакыт Төрөбаев парламентти өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты.

Фракциялар позиция-оппозиция болуп бөлүнбөш керек экенин белгиледи.

“Кыргызстанда парламенттик башкаруу системи түзүлүп, регионалдык принциптен айрылдык. Алдыбызда бир топ маселелер турат, ошондой эле ЖКнын алдында жаңы милдеттер турат. Азыркы парламенттин ролу өстү. ЖК эл арасында ишти күчөөтүүнү сунуш кылат элем. Анткени ЖКнын, өкмөттүн демилгелери элдик талкуудан өтүп курч жагдайларда чечилет. Парламент мамлекеттин көз карандысыздыгын, адам укутарын жана демократиялык иштерди ишке ашырууну башкы милдети катары кароого тийиш. Сунуштап жаткан мыйзам долбоорлорунун сапаты жөнүндө ойлонушубуз керек”, -дейт Б. Төрөбаев.

Учурда ЖКнын төрагалыгына талапкерлер программалары менен таныштырууда.

Спикерликке “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев, “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ат салышып жатат.