Христиан бейитин талкалап кеткен белгисиз адамдардын үстүнөн Аламүдүн районунун Октябрь айылынын жергиликтүү тургундары арыз менен кайрылышты.
Чүй облусунун ИИБинин маалыматы боюнча, бул кылмыш иши 17-19 апрелде болгон. Бул ишти кароодо бир нече эстеликтер жулунуп, темир тосмолор бузулгандыгы айтылган.

Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан шектүү адам табылып, аны кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.