ЕАЭБ өлкөнү жогорку деңгээлге чыгарганга шанс берип жатат.
Мындай маалыматты бүгүн Бишкекте «ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) кирген өлкөлөрдүн экономикалык жактан өнүгүүсү» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда УИАнын экономика институтун директору Токтобүбү Дыйканбаева билдирди.
«Айрым бир теорияларды карап көрсөк, дүйнөлүк экономиканын өнүгүү динамикасы акырындык менен өтө тургандыктан, экинчи жана үчүнчү өлкөлөр үчүн алдыга озуп кетүү мүмкүн эмес. Бирок тарыхый анализ көрсөтүп жаткандай, өнүгүүнү өлкө лидерлеринин бат-баттан алмашуусу да аксатышы мүмкүн. Ошондуктан бул саясий жактан туруксуз өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да тиешелүү. Болбосо ЕАЭБ өлкөнү жогорку деңгээлге чыгарганга шанс берип жатат» — дейт Т. Дыйканбаева.
Эксперттин айтуусу боюнча, соода-садык тармагында чоң жылыштар бар деп айтууга болбойт, бирок, биримдик алкагындагы өлкөлөр ичинде соода айлантуу эркинирээк болуп калды.
«Декларация шарттарына жооп бере албаган айрым товарлар гана кичине көйгөйлөрдү жаратууда. Бирок ЕАЭБ алкагындагы интеграция биз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана түзбөстөн, жаңы талаптарды да коюп жатат», -дейт ал.
Анын айтымында, Кыргызстандын ага мүчө болуп киргени инвесторлорго да стимул жаратууда.
«Кыргызстан эгер инвесторлорду кызыктыра алса, сот системасын реформалап жана коррупция менен күрөшө алса бат эле жеңишке жетет. Эл да ЕАЭБге мүчө болгонубузду колдоду», – дейт Т. Дыйканбаева.