ЖКнын төрагалыгына талапкер “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев 2013-жылы кабыл алынган парламенттин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну улантуу керек экенин айтты.

“Парламенттик аппараттын ишинин сапатын, бийликтин башка бутактары, коомчулук менен байланышты, кызматташтыкты жакшыртуу, мыйзам долбоорлорунун сапатын өркүндөтүү зарыл”, -дейт К. Исаев.

Мындан тышкары, Канатбек Исаев ЖКнын мыйзам чыгаруу, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө милдеттерин аткаруу абзел экенин билдирди.

Спикерликке “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев, “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ат салышып жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү