Ал Жалал-Абаддагы каптаган селдин кесепетинен жабыр тарткан жашоочулардын абалы менен танышууда.
Министр Сузак районунун эли менен жолугушуу учурунда, селден кесепетинен кыйроого учураган №85 “Ынтымак” мектебинин имаратынын, спорт аянтчасын тазалоо иштерин көрдү.
Кийинки сапарында Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугат.
Эске салсак, жалпысынан селдин айынан Жалал-Абад облусу боюнча №85 “Ынтымак” мектебинин имаратты, 13 турак үй, 2 таза суу линиясы, 3 км унаа жолдор, 1 унаалар өтүүчү көпүрө, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 17 сарай сел сууларынан жабыр тарткан жана 2 бодо мал, 27 кой-эчкилер сел сууларынан өлгөн.