Кыргызстандын көпчүлүк айылдарында Ленин же Совет деген аталыштагы көчөлөр болгон же дагы деле бар болушу мүмкүн. Ал эми Бишкекте көп ирет айтып жүрсөк да, маани бербеген көчө аттарынын көбү чет элдик белгилүү ишмерлердин атынан коюлган.

ден сяопина

Дэн-Сяопин – Кытай элинин мамлекеттик жана  саясий лидери болгон. Державаны түзүүгө чоң салымын кошкон. Көзү тирүү кезинде эле Кытайдын 2049-жылга чейинки өнүгүү программасын иштеп чыгып койгон. Анын урматына Кыргызстан Чүй проспектисинин тосмодон аркы уландысына атын берген.

 

месароша

Ласло Месароша – венгер элинин таланттуу скульптору болгон. 1930-жылдары Орусияга үй-бүлөсү менен эммиграция болуп, ал жактан Кыргызстанга чакырылган. Бишкек шаарындагы алгачкы имарат курулуштарынын архитектор жана жасалгалоочусу болгон. Шаардын түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн көчөгө аты берилген.

махатма гандиМахатма Ганди – белгилүү болгондой индия элинин улуу жол башчысы. Улуттук боштондук күрөштүн негиздөөчүсү. Ал эл башкаруучу гана эмес, чыгарма жаратып, котормо менен алектенип, музыкага кызыккан. Махатма Ганди «китептер кандай эргүү берсе, мага адамдар да ошондой эргүү берет» деп айткан.

 

сухэ батор

Сухэ-Батор – белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер. 1921-жылдагы монгол революциясынын башында турган жана Монгол элдик революциялык партиясынын негиздөөчүсү болгон. Ага эли эрдиги үчүн «батор», бизче баатыр деген наамды ыйгарган.

 

патрис лулумба

Патрис Лулумба – Конго өлкөсүнүн биринчи премьер-министри болгон. 1958-жылы Конгону колониядан бошотуу үчүн «Конго  элдик кыймылын» негиздеген. Ал абдан сабаттуу адам болуп, жаш кезинен саясатка аралашкан. Өлкөсүнүн боштондукка чыгуусуна жан үрөгөн адам катары дүйнөгө атагы чыккан.

 

_Аммосов

Максим Аммосов – Якут элинин мамлекеттик жана партиялык ишмери. Ал Сибир жергесине ССРБнын орношуна салым кошкон. 1937-жылы репрессияга туш болуп атылган. Саха Республикасы менен Кыргызстандын достугуна 2012-жылы Бишкекте М.Аммосовдун айкели тургузулган.

 

 

чапаевВасилий Чапаев – Кызыл Аскердин командири, биринчи дүйнөлүк жана жарандык согуштун катышуучусу болгон. Эрдиктери үчүн бир нече орден, наамдарга ээ болгон. Тарыхта легендарлуу аскер башчы деген ат менен тарыхта калган. Ал тууралуу биз Д.Фурмановдун «Чапаев» чыгармасынан улам да жакшы билебиз.

 

Калыптанып калган жана тилибиз келбеген Великолук, Волокалам, Шушен, Лушихин, Днепропетровcк деген сыяктуу аталыштар да бар. Эгемендүүлүктү алгандан кийин көчө аттары өзгөрүп, кыргыз элинин чыгаан инсандарынын ысымдары ыйгарылган.

Айта кетсек, Көк-Жар жаңы конушунун көчөлөрүнө дээрлик нукура кыргызча аталыштар берилген.