Президент Алмазбек Атамбаев опера жана балет театрына барып, жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда театр жамаатынын мүчөлөрү классикалык көркөм өнөр чөйрөсүндөгү жетишкендиктер менен бирге театрдын алдында кечиктирбей чечүүнү талап кылган чарбалык жана социалдык-турмуштук маселелер турганын айтышты.

Биринчи кезекте, алардын сөзү боюнча, театр кызматкерлеринин маянасын көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кароо керек, театрдын имаратын капиталдык оңдоо, азыркы репертуарга кирген спектаклдерди коюуну калыбына келтирүү, оркестрдин аспаптарын жаңыртуу, чыгармачыл кадрлардын жетишсиздиги маселесин чечүү зарыл.

Президент театр жамаатынын маянасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн табууну, ошондой эле кийинки жылдын бюджетинде театрдын имаратын толук капиталдык оңдоо үчүн зарыл болгон каражаттарды кароону өкмөткө тапшырды.

Мамлекет башчынын театр жамааты менен жолугушуусуна вице-премьер-министр  Гульмира Кудайбердиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов  жана финансы министри Адылбек Касымалиев катышкандыгын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

index111