Ош шаарынын балдар бакчаларында жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында долбоордун негизинде иш-чаралар өтүүдө.

Шаардын билим берүү башкармалыгынын маалыматка ылайык, программа боюнча ата-энелер (чоң эне, чоң ата, таята, тайне жана башка туугандары) атайын түзүлгөн графиктин негизинде жумасына жарым саат милдеттүү түрдө, андан сырткары учурда каалашынча балдарга жомок айтып беришет.

Ата-энелер жомок үйрөтүүдө.

“Биз балдарга китеп окуп берүү менен кызыктуу жомокторду айтып беришибиз керек. Анткени жомок аркылуу балдарды туура тарбиялап, мекенчилдикке жана боорукер болууга үндөсөк болот”- деди билим берүүнүн башчысы К. Кимсанов.

Иш-чаранын алкагында №48 балдар бакчасында “Окурман үй бүлө” аттуу таймаш ата-энелер арасында өткөрүлдү. Анда ата-энелер балдарына жомок айтып берүүсү, жомокту көп билгичтиги жана балдарднын уккан жомокторун эстеп калгандыгы аныктоо максатында өткөрүлдү. Таймашка катышкан ата-энелер да иш-чаранын маанилүү, кызыктуу экендигин айтышты. Ошондой эле “Ата-эненин жомогу” акциясына активдүү катышарын белгилешти.