Быйыл 1916-жылдагы кайгылуу окуянын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тарыхый маанилүү окуяны бүтүн кыргыз эли, жаш муундар билип, андан сабак алып жүрүү максатында Saat.kg тарыхый материалдарды, документтерди, архивдерди, китептерди жана тарыхый повестерден үзүндүлөрдү жарыялап турат.

1916-жыл август айы. Каракол шаары. Уездик башчы Ивановдун бөлмөсү. Бөлмөгө жардамчысы шашыла кирип, ага кайрылды.

— Урматтуу полковник мырза, шаарды козголоңчулар курчап алышты.

— Ха…ха…ха…. Курчап алышса эмне экен? Деги аларың эмне менен куралданышыптыр, -деп Иванов каткыра жооп берди.

— Эмне менен куралданышсын. Найза, балта, айры дейт. Ар кайсы топто бирден-экиден түтөтмө мылтыктары болсо керек.

Иванов кекээрлеп дагы күлдү:

– Ошол куралдары менен шаарды басып алышмак бекен?

Жардамчы өңү бузулган кебетесин жазбай туруп:

— Ким билсин, полковник мырза. Желдей учкан күлүк аттарды минген жаш жигиттер, мөндүрдөй жааган октон кайра тартпай, каптап киришти дейт.

— Кам санаба, поурчик мырза. Кыргыздарың кечикти. Караңгы кыргыздарың мен ойлогон планды билип коюптурбу? Караколдун ичинде  канча солдат турганын. Верный, Фергана, Ташкенттен кошумча күчтөр келгенин. Бул жердеги казак орустарга курал-жарак берип, баарын шайма-шай кылып койгонду кайдан билсин ал бечаралар.

— Ошентсе да полковник мырза, адам түпөйүл боло берет экен.

— Поручик мырза, согуш деген согуш. Мындай учурда бийликке кол көтөргөн ар бир кыргыз атылат. Андайларга эч аёо жок. Дүйнө-мүлкү таланып, жок кылынат. Анан кыйын болсо улуу  урматтуу падышабыздын буйругун аткарбай көрүшсүн. Баса, поручик мырза, отставкадагы генералдар: Королковду, Нарбутту, генерал Краснослободскийди, офицерлерди, врачтарды кечки саат сегизге чогулушка чакырыңыз.

-Куп болот полковник мырза.

Жардамчы чыгып кетти. Дале тышта мылтыктын үнү, ызы-чуу угулуп турду. Иванов терезе тарапка басып барып, сырт жакты карап, кайра бурулуп, өзүнчө күбүрөдү.

-Ошондой болсо да көп токпейил тарткан болбойт. Буларга теңелүү кыйын. Илгери ат үстүндө салгылашкан жоокерчилик заманда, булар селдей каптаганда эч бир эл, эч бир шаар туруштук бере алган эмес. Булар колунда курал-жарак, анан согуш өнөрүн өздөштүргөн башчысы жогунан гана турат. Булар өлүмдөн кайра тартпаган эл. Деги абайлабасак, булардан баарын күтүүгө болот.

Иванов терезеге дагы бир жолу басып барып, сырт жакты карап кайра алдына бурулду.

— Падышанын буйругуна баш ийбеген элди эч бир аёого болбойт. Буларды жазалаш керек. Күч, бийлик эмне экенин кылымдарга чейин унутушпагандай болсун. Булардын көргөн күнүн укканда артында калган укум-тукумдары зыркырап, коркуп турсун үчүн муну жасашыбыз керек.

Б. Максүтовдун «Кызыл кыргын, кандуу кармаш» аттуу 1916-жылга арналган тарыхый повестинен үзүндү.