Президент Алмазбек Атамбаев “Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”  мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш быйыл10-мартында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты — аксакалдар сотторуна мурда булганбаган, жүрүм-туруму үлгүлүү  адамдардын киришине мүмкүнчүлүк ачуу, ошондой эле соттордун ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү материалдык-техникалык шарттарды түзүү болуп саналат.

Мисалы, Мыйзамда 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө коюлган талаптарга дагы бир талап кошулду, ага ылайык аксакалдар сотуна соттуулугу жок жарандар гана шайлана алышат. Аракеттеги Мыйзамдын 29-беренеси жаңы редакцияда баяндалат: аксакалдар соту салган жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилип, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин камсыз кылууга багытталат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.