Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплекстин аймагында курула турган 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик мемориалдын долбоорунун авторлорун кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы эстелик мемориалдын эскиздери жана долбоордук документтер менен таанышып,  курула турган «Ата-Бейиттин» аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу баяндаманы укту.

Долбоорлор менен таанышып чыгып, президент анын авторлоруна ыраазычылык билдирип, жүз миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган 1916-жылдагы окуялар өлкө тарыхындагы маанилүү учурлардын бири экендигин баса белгиледи.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган мемориалдык долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык конкурстун жыйынтыгында скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу жеңип чыккан. Бул конкурс эки жолу жарыяланып, анда өлкөдөгү белгилүү скульпторлор менен архитекторлордун ондогон долбоорлору жана иштери каралган.