Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен кечээ жолукту.
«Сиздердин долбоордун негизинде Жумгал районунун 24 мектебинде инвентарларды камсыздап, Нарын, Ак-Талаа райондорунун мектептерине таза суу киргизип, ички санузелдерин ремонттон өткөргөн. Жалпы тартылган инвестиция 3 миллион 615 миң 250 сомду түздү», — деди облус башчы.
Юкиэ Макуо Нарын облусуна биринчи жолу келип жатканын баса белгилеп, аткарылган иштер жана алдыдагы пландар боюнча ой бөлүштү.
«Аталган уюм 22 жылдан бери Кыргызстан менен иштешип келет. Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча санитария жана гигиена багытында 90 мектеп, анын ичинде Нарында 18 мектеп менен иштешет. Мындан тышкары, социалдык колдоого муктаж болгон балдарды аныктоо, жардам берүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдыктарды көрүү боюнча окуучуларга жардам беребиз», -дейт ал.
Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн билдирүүсү боюнча, 5-6-майда БУУнун алдындагы 5 уюмдун кеңешинин мүчөлөрү эки топко бөлүнүп, Ош жана Нарын облусуна келет.
Анын жыйынтыгы менен 2018-жылдан баштап ишке кирүүчү 5 жылдык план кабыл алына турганын билдирди.