Казакстандагы «Хоргос» соода борборунун пайда болушу менен «Дордой» базарында соода жүрбөй, сатып алуучулардан кол жууп калды деген кептер айтылып келет.
«Дордойдо» убактылуу кыйынчылыктар болуп жатат. Эмнегедир, ММКлар да ири «Базардын иши бүттү» деген өңүттө материалдарды жазып жатышат. Анын баары туура эмес берилген маалыматтар» — дейт аталган соода-сатык комлексинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева.
Төрайымдын айтымында, кыйынчылыктарга дуушар болгону менен базарды ата мекендик тигүүчүлөр жандантып жатат.
«Соода-сатыктын абалы 30-40 пайыз оңолуп калды десек болот. Болгону Казакстанга караганда тарифтер кымбат болуп жатат. Ал маселени чечкенге аракеттенип жатабыз. Буга чейин иштеп келген базар, мындан ары да иштей берет», — деди ал.