“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев республикалык бюджеттен капиталдык салымдар боюнча курулуучу обьекттердин титулдук тизмесине курулушу мурда эле башталган Талас облусунун Кара-Буура районундагы 4 мектеп, Талас шаарындагы университеттин спорт залы сындуу социалдык обьектилер кирбей калгандыгы тууралуу парламенттик жыйында айтты.
Ал анын себептерин талап кылды.
Ошону менен катар эл өкүлү Кызыл-Адыр айылындагы кинотеатрдын абалы, район борборунда канализация, тазалоо курулмаларынын жоктугун кошумчалады.
Депутат буга чейин көтөрүп келген бир баласы эле соттолгон болсо “Баатыр эне” наамы берилбей жаткан жагдайга дагы токтолду.
Мындан тышкары, эл өкүлү өткөн чакырылышта мыйзамдар көп кабыл алынгандыгын эске салып, бул ЖК мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө басым жасоо зарылдыгын сунуштады.