Куба Коммунистик партиясынын 4 күнгө созулган жыйынында 84 жаштагы президент Раул Кастро дагы 5 жылга партиянын баш катчысы болуп иштөө чечими кабыл алынган.

Ал эми президент жардамчысы Хосе Рамон Мачадо Вентура экинчи катчы катары кала турганы маалым болду.

2018-жылы мамлекет башчысы кызматынан кете турган Кастро азыр партиянын лидери, баш катчысы да болуп иштеп келет.

Ал эми  Мачадонун ордуна рынок экономикасына өтүүдө тажырыйбасы бар жаш адам келе турганы айтылууда. Коммунизмдин жактоочуларынын бири Мачадо Вентура соңку кездеги экономикалык реформаларга каршы чыгып келет.

Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро 2006-жылы ден соолугунун начардыгынан улам мамлекет бшкаруу ишин иниси Раул Кастрого өткөрүп берген. 2013-жылкы шайлоодо Раул Кастро экинчи жолу президент болуп шайланган. Ал кийинки шайлоого барбай турганын жарыяланган деп жазат gazetevatan.com маалымат агенттиги.