Жер титирөөнүн очогу кыргыз-казак чек арасындагы Күнгөй Ала-Тоо кыркасында жайгашып, Ак-Булак айылынан 10 чакырым түндүк-батышты карай, Ананьев райондук борборунан 45 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

ӨКМнын алдын ала маалыматы боюнча, кырсык кечээ саат 17:00дө болуп, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ак-Булак, Күрмөнтү, Шаты, Талды-Суу айылдарында 3,5-4 балл, Түптө болсо 3 баллга сезилген.