Бүгүнкү сөз эркиндиги кыргыз бийлиги тарабынан чоң басмырлоого дуушар болууда.
Сөз эркиндигин коргоо комитенин Saat.kgге билдирүүсү боюнча, журналисттерди миллиондогон акчага доого жыгуу же эркин маалымат каражаттарын рейдерлик жол менен басып алуу үчүн азыркыга чейин реформаланбаган соттук системаны пайдалануу кадыресе көрүнүшкө айланды.
“Мындай учурларда кимдир бирөөлөр добулбасты койгулап, эркин коом жана басма сөз эркиндиги үчүн күрөшүүгө милдеттүү. Өлкө бардык саясий жана коомдук күчтөрдүн ачык диалогу менен гана жетишүүгө мүмкүн болгон коомдун саясий жоопкерчилигине муктаж болууда. Мына ошондуктан, биз эркин коом үчүн күрөшүүнүн биринчи этабы катары Сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлгөндүгүн билдиребиз”, -деп билдирет комитет.
Бүгүн комитет “Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы” деген аталыштагы тегерек стол өтөт.