Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эң биринчи кезекте турак-жайга муктаж деген маселени дагы бир жолу көтөрүп, дүлөйлөр жана көзү азиздер коомчулугунун төрагасы Калык Мамбетакунов өкмөт башчыга кайрылды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө көңүл бурулушун суранды. Үй менен камсыз кылынып, спорттук реабилитациялык борборлорго жана санаторийлерге барып турууга мүмкүнчүлүктөр түзүлсө деген өтүнүчүн билдирди.
К. Мамбетакуновдун айтымына караганда, алардын саны 168 миңге жеткен жана 18 миңи Бишкекте турат. Жакында Ош шаарында 45 батирлик көп кабат үйдүн курулушу аяктаган.
Сооронбай Жээнбеков төраганы кабыл алып жатып, айтылган өтүнүчтөр мүмкүнчүлүктөргө жараша караларын билдиргенин, өкмөттөн билдирди.