22-23-апрелде «Жаңы мектепке жаңы  мугалим: педагогикалык кадрларды даярдоону модернизациялоонун  актуалдуу  проблемалары» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары А. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети.

Ош институтунун маалыматы боюнча, мектеп мугалимдер тарабынан даярдалган көргөзмө жана  окуу жайдын таланттары тартуулаган концертттик программа менен коштолот.

Белгилей кетсек, иш-чара “Тарых жана маданият» жылына карата өтөт.

Бөлүшүү