Президент Алмазбек Атамбаев Кабул шаарындагы адамгерчиликке сыйбаган мыкаачылык террористтик актынын натыйжасында көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Афганистандын президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты.
«Кыргызстан кандай гана көрүнүштө болбосун терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы аракеттерин колдойт», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Өлкө башчы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.