2015-жылы сырткы чөйрөдөгү жагымсыз кырдаалдарга карабастан Кыргызстанда макроэкономикалык туруктуулук сакталган.

Мындай маалыматты вице-премьер-министр Олег Панкратов өкмөттүн отчётунда билдирген.

Анын айтымында, агрардык сектор мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана калкты иш менен камсыз кылууда маанилүү сектор болуп калууда.

“Айыл чарба өндүрүшүндө мал чарбачылыгынын өнүмдөрүнүн үлүшү 47,6%ды, өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн үлүшү 50,3%ды, калган – токой чарбасы, балык чарбасы жана кызмат көрсөтүүлөр – 2,1%ды түзөт. 2015-жылы 35 обьект 628,4 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасын киргизген. Отчеттуулук мезгилинде 3 ветеринардык, 2 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өткөн. 7 ветеринардык контролдук-өткөрмө пункту жабдылган. 647 ишкана ишке киргизилип, натыйжада 10 миңден ашуун жумушчу орундары түзүлгөн”, -дейт О. Панкратов.

“Бир бол” фракция лидери Алтынбек Сулайманов өкмөттүн отчетунда калктын жашоо деңгээлин өсүшү же төмөндөшү, экономиканын абалы чагылдырылган эл аралык рейтинг көрсөткүчтөрү жоктугуна токтолду.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров болсо өкмөттүн ар жылкы отчетторуна жүргүзүлгөн анализдер отчёт даярдоодо бирдиктүү формат сакталбастыгын көрсөткөнүн айтты

“Өкмөттүн отчётун даярдоо форматы иштелип чыккан. Бирок ар бир премьер-министр отчет сунуштоодо өзүнүн варианттарына салып алышат. Баардык отчеттордо өлкөнүн өнүгүү динамикасын салыштырып кароого боло турган бирдиктүү индикатор жок”,- дейт Акылбек Жапаров.

Талкуунун жыйынтыгында “Бир бол” фракциясы бир катар сунуштамаларды берүү менен бирге ЖК тарабынан бекитилген талаптарга ылайыктап келүү үчүн өкмөттүн отчётун кайра иштеп чыгууга жөнөттү.