Бүгүн билим жана илим министри Эльвира Сариева жана министрликке караштуу департаменттин директору Абдыманнап Муратов Вилгельм Крулл жетектеген Фольксваген фондунун делегациясын кабыл алды.
Жолугушууда меморандумдун проектиси, мындан ары дагы байланышты улантуу тууралуу, логистика, экология, экономика, химия технологиясы жана медицина боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Илим жаатында жаштарды окутуу, чогуу-чаран илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө сүйлөөшүүлөр болду.