Көчмөндөр оюндарында улуттук интеллектуалдык оюндардын тизмегине тогуз коргоолдон сырткары жаңы түрлөрү кошулду. Алардын бири Түрк элинин Мангала оюну.

Мангала — бул түрк элинин так эсептөөнү, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган оюндардын бири.  Анда эки оюнчу ат салышат. Тактасында он эки чөйчөкчө, 48 таш жана уткан таштарды сактай турчу чоң чөйчөкчө болот. Тактадагы ар бир чөйчөкчөгө төрттөн  таш салынат. Жеңишке жетиш үчүн каршылашына салыштырмалуу көп сандагы таш чогултуусу керек.

Оюндун негизги эрежелери:

1. Биринчи баштаган оюнчу өзү каалаган чөйчөкчөдөгү ташты алып, оң тарапты көздөй бирден ташты таштап жүрүп отурат. Акыркы  таштаган ташы  каршылашынын чөйчөкчөсүнө түшсө жана андагы таштардын саны жуп сан (2, 4, 6, 8) болсо, ошол үйдөгү бардык ташты өзүнө алат.  Жүрүш  карама-каршы багытта жүрүлөт.

2. Жүрүш убагында оюнчунун акыркы ташы өзүнүн кампасына туш келсе кайра жүрүу укугуна ээ. Андыктан ар бир жүрүлгөн таш оюндун келечегин чечүүчү таштар.

3. Дагы бир эрежеси таштарды чачууда акыркы таш өз тарабындагы бош үйгө туш келсе, атаандашынын үйүндө таш болсо, ал таштарды өзүнүн кампасына алат.

4. Кайсы оюнчунун ташы биринчи түгөнсө, каршылашынын бардык ташын өзүнө алат да жеңишке ээ болот.

Тогуз-коргоол оюнунан негизги  айырмачылыгы  үйлөрдүн, таштардын аздыгында жана беш партия ойнотулганында.