“Республика — Ата-Журт” фракциясынын жыйынында, Өмүрбек Бабанов ЖКнын спикери бардык депутаттар, бийлик бутагындагылар менен тил табышканды билүүсү зарыл экенин белгиледи.

“Төрага мамлекет башчы жана өкмөт жетекчилери менен тыгыз иштеши керек. Биз спикерликке бир талапкерди көрсөтөбүз”, -дейт Ө. Бабанов.

Белгилей кетсек, ЖКнын мурунку төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгонуна байланыштуу кызматтан кеткен. Андан кийин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жыйынтыгында экөө тең добуш алып калган.

Бөлүшүү