КСДП фракциясыннын лидери Чыныбай Турсунбеков ага ишеним көрсөткөн фракцияларга ыраазы болгон.

Бул тууралуу ал K-Newsга билдирген.

“Ата Мекен” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары менин талапкерлигимди колдой тургандарын билдирди. Биздин фракция дагы колдойт экен. Мындай ишеним болгондон кийин талапкерлигиммди көрсөтүүнү чечтим”, -дейт Турсунбеков.

Ал “Өнүгүү” жана “Кыргызстан” партиялары чечими жок болгондуктан, ал жалгыз талапкер болобу белгисиз экенин кошумчалады.

Буга чейин Чыныбай Турсунбеков бир нече жолу алардын фракциясынан спикерликке ат салышпай турганын айткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү