Учурдагы депутаттар коомчулукта ар кандай сындарга кабылып, ал тургай шылдың да болуп келет. Saat.kg бүгүнкү күнгө чейин парламенттин элдин оозунан түшпөгөн окуяларын сунуштайт.

изображение

Ызы-чууга айланган мандат талашуу

Адегенде эле парламенттик шайлоодон жеңип чыккан партиялардын мандат талашуу чыры башталды.

 

 

изображениеЭски «креслого» отургусу келбегендер

Жаңы чакырылыштын депутаттары жаңы «креслого» чалкалап отургусу келгенби, айтоор иш баштай электе ошол маселени козгошкон. 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алууга тендер жарыялаганы коомчулуктун катуу сынына кабылып, азыркыга чейин сөз болууда.

изображение

Жаңы килем…

Эл өкүлдөрү жаңы килем сатып алууга тендер жарыяланып, 5 миллион сомго алынган килемдердин сүрөттөрүн интернетке жарыяланып, кызуу талкууланган.

 

Мээрбек Мискенбаев

Бир паста «жылдыз» болгон депутат

Бийликчил партия менен депутат болуп келген Мээрбек Мискенбаев куудулдарга сын айтам деп, алардын душманына айланды.

«Бек Борбиев Минск шаарына барып ырдап, куудулдар болсо апрель баатырларын шылдыңдап жатышат. Алардын наамдарын алып, ИИМ текшерүүгө алыш керек», — деп элдин көңүлүн өзүнө бурду.

изображениеСпикер шайлай албай убара

ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков иниси Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп калгандыктан кызматынан бошотулган. Андан кийин эле спикерликке эки талапкер аттанып, тең добуш алып калганы таң калычтуу.