Кайнене — бул кадимки эле эне, бирок «кайын» деген кошумча сөзү ага башка бир өзгөчөлөнгөн статусту берип турат. Бүгүн Saat.kg кыргыз кайненелерине тиешелүү сапаттарды сунуштайт.
1«Тарбия көргөн немеби?» дейт
Кайненеге башка үй-бүлөдө тарбияланып, үй жумуштарын жасоодо башка эрежелерди колдонуп өскөнүнө карабай, өз нормасына салгычакты келини уйкучу, жүдөө, сөзгө түшүнбөс дегеле тарбиясы жок шалаакыдай көрүнөт.
2Келинин жактырбайт
Баласы достору менен кетип үйгө келбей калса дагы, ал тургай ичип кетсе дагы, кабатыр болуп жаткан келинин жактырбай. «Кайда жүрсө да аман жүрсө экен», — деп тилейт.
3Башканыкы ай көрүнөт
Ага башка бирөөнүн келини жакшы көрүнөт. «Баланчанын келини» деп тамшанып бир саам келининин короосуна таш ыргытып алганды жакшы көрөт.
4Өзүмчүл келет
Мурунку жашоосун чийип таштап, бизге гана кызмат кылса деп ойлойт. Ошондуктан аларга төркүнүнө көп барган, курбулары менен мамилесин үзбөгөн келиндер жакпайт.
5Төркүнгө көп каттаган келинди жаман көрөт
Келини төркүнүнө көп каттаса жаман көргөн кайнене, көп келбей калган кызына сарсанаа болуп ичинен күйөө баласын бир жектеп алат.
6«Кара тизмеге» киргизет
«Келиндер ассоциациясы» чарчабас, уктабас, оорубас, көңүлү чөкпөс болгондуктан, башында бул нормалардан жаза тайган келиндерди кайненелер дароо кара тизмеге киргизет.
7Келининен көрөт
Небересинен уккан какшык сөздөрдү үйрөтүп койду деп келининен көрөт. Бир бала өзү айтып жаткан болот.
8Өзүнүкүн мактайт
Кайнене келинин жаман көрүп, кызын мактайт, бирок кызын да барган жеринде кайненеси жактырбай өз кызын макташы мүмкүн.
9Күйөө бала көзөмөлдө
Баламдай эле көрүп калдым дегени менен, ар дайым күйөө баласын кызына кылган мамилесине карап байкап турат.
10Келин дагы бирөөнүн кызы дегенди түшүнбөйт
Кызынын көзүн карап күйпөлөктөгөн күйөө бала ага майдай жагат, эгер ушул эле камкордукту уулу келинине жасаса кыжыры кайнайт.
11Акыры келинин жакшы көрүп калат
Канчалык катаал кайнене болсо да, кийин бара-бара келинине көнүп, өз кызына жетпесе да, андан кем көрбөй калат.
12Устукан ала келет
Боюнда барда келинине барган жеринен тамаш-аш ала келмей адаты бар.